Бишкектеги Киев көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат

Бишкектеги Киев көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат

 Бишкек шаарында Киев көчөсүн ондоп-түзөө долбоорунун алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери башталат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 15-июндан 15-августка чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жолду кесип өткөн жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, иш алып барылып жаткан учурда кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги иштердин аткарылышына жараша кесилиштер кезек менен жабылат.

Мындан сырткары, 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки тилкесинде диаметри 700 мм болгон магистралдык жылуулук тармагын оңдоп-түзөө пландалууда. Учурда долбоордук документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруу шаардын жылуулук инфраструктурасын андан ары модернизациялоонун алкагында каралган.

“Бишкекжылуулуктармагы” шаар тургундарын жана жол кыймылынын катышуучуларын убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда