Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкекте Иманалиев көчөсүнүн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Бишкек шаарында жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу жана оңдоо иштеринин алкагында 16-июндан тарта Иманалиев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылы убактылуу чектелет.

Чектөө жол коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу максатында киргизилүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жүрүү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруунун убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алууга чакырат.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери борбор калаанын жол тармагын модернизациялоого, жол коопсуздугун жогорулатууга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда