Транспорттук көзөмөл: 7 айда казынага 247 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорттук көзөмөл: 7 айда казынага 247 млн сомдон ашык каражат түштү

Быйыл жети айда транспорттук көзөмөлдөн мамлекеттик казынага жалпы 247 млн 197 миң 785 сом түшкөн. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,39%га көп.

Белгиленгендей, жыл башынан бери 500 миңге жакын транспорт каражаты текшерилип, анын жыйынтыгында 8 226 укук бузуу фактысы аныкталган. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 156,63%га көп.

Укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан казынага 83 млн 330 миң сом түшүп, өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 217%га өскөн.

Ошондой эле транспорт каражаттарынын салмак-габариттик өлчөмдөрүн ченөөдөн 7 млн 444 миң сомго жакын жыйым алынган.

Жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү жыйымдар 10 млн 615 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 152%га өскөн.

Ал эми атайын уруксат кагаздарын берүүдөн 135 млн 850 миң сомго жакын жыйым түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 77%га аз.

Мындан тышкары, көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздарынан 10 млн сомдон ашык жыйым түштү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media