Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абад облусунун 2026-жылдагы титулдук тизмесине жалпы 139,5 чакырым жол киргизилип, учурда анын 57%дан ашууну аткарылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык салымдар беренесинин алкагында дагы 648 чакырым жолдо курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган иштердин негизги максаты — калктуу конуштар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртуу жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү.

Белгиленген долбоорлор толук ишке ашканда аймактагы жол тармагынын абалы кыйла жакшырып, социалдык-экономикалык өнүгүүгө да оң таасирин тийгизери айтылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 908,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт. Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда. Анын ИДПнын өсүшүнө

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Баткен облусунун Майдан айылында сууну натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелер агенттиги" коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аймактагы негизги суу булагы болгон "Бант суусу" каналынын 1320 метрин оңдоо каралган. Учурда курулуш иштерине 55 жергиликтүү тургун

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай ишканалары 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Өндүрүш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өсүш тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө 2,4%ды, негизги металлдарда 8,5%

Кыргызстан Sinopec компаниясы менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулады

Кыргызстан Sinopec компаниясы менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Sinopec менен Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдар тармагында иштеген компанияларынын ортосунда түз байланыштарды түзүү жана Кыргызстанга мунай продуктуларын