Кел-Сууда кайыктардын коопсуздугу жана документтери текшерилди

Кел-Сууда кайыктардын коопсуздугу жана документтери текшерилди

Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүндө жергиликтүү кайыкчылар текшерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда кайыктардын техникалык абалы, каттоо номерлери, суу транспортун башкарууга уруксат берүүчү документтер жана кайык башкаруучулардын тиешелүү күбөлүктөрү текшерилди.

Жыйынтыгында документтери толук эмес кайык ээлерине эскертүү берилип, мыйзам талаптарын бузган жана тиешелүү документтери жок учурлар боюнча протоколдор түзүлдү.

Министрликтин өкүлдөрү кайыкчыларга жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, кайыктардын техникалык абалын көзөмөлдөө жана белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертишти.

Ошондой эле кайыктын уруксат берилген сыйымдуулугунан ашык жүргүнчү ташыбоо, аба ырайын эске алуу жана коопсуздук каражаттары менен камсыз кылуу талаптары түшүндүрүлдү.

Кел-Сууга келген туристтердин саны көбөйүп жатканына байланыштуу суу транспортунун коопсуздугу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын