Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объект жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңылоо иштерин мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүзгөн.
Светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Мэрия борбор калаанын жол-транспорттук инфратүзүмүн модернизациялоо жана жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.

