Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек мэри жол куруу иштеринин темпин күчөтүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шабдан Баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишинде курулуп жаткан жол түйүнүндөгү иштердин жүрүшүн текшерди.

Учурда объектте жол өтмөктөрүнүн ригелдери орнотулуп, көпүрө курулмаларын куруу иштери уланууда.

Мындан тышкары, шаар башчысы Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тилкеде жылуулук тармактарындагы негизги иштер аяктап, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда тилкенин 98%ында кайра көмүү иштери бүткөрүлдү. Топурак тыгыздалып, жолдун негизи асфальт төшөөгө даярдалууда. Ошондой эле жылуулук камераларынын капталдарын бекемдөө иштери аткарылууда.

Айбек Жунушалиев аныкталган кемчиликтерди жоюп, чектеш аймактарды талаптагыдай абалга келтирүүнү жана жашыл бак-дарактарды сугарууну күчөтүүнү тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр эки объектте тең курулуш иштеринин темпин күчөтүп, аткарылып жаткан иштердин сапатын камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Адылбек Касымалиев: "Жол тармагына каржылоо 60 млрд сомго жетти"

Бүгүн, 30-октябрь – автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды.  Министр Талантбек Солтобаев самосвал, автогрейдер, жүктөгүчтөр сыяктуу атайын техникалар тууралуу маалымат берди. Анда Адылбек Касымалиев мындай машиналар

Ишкер Media
Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Быйыл айыл чарбасы үчүн 12,6 млрд сомдон ашык насыя берилди

Кыргызстанда 2026-жылы агроөнөр жай комплексин каржылоого 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. 2026-жылы агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген каржылоо боюнча 8 долбоор ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, кредиттердин жалпы суммасы 12 млрд 614,3

Ишкер Media
Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкекте 2 миңге чукул көп кабаттуу үйгө жылуулук берилди

Бишкек шаарында 29-октябрда 1 870 көп кабаттуу турак үй жылытуу системасына кошулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө. Жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруунун алкагында № 10 кичи район толугу

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media