Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Чектөө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине байланыштуу коопсуздук чараларынын алкагында киргизилүүдө.

Айдоочуларга көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен мугалимдерди жумуштан бошотуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда. Демилге жаш адистерди жумуш менен камсыз кылууга багытталганы менен, анын мыйзамдуулугу жана жарандардын эмгек укуктарына тийгизе турган таасири боюнча суроолор жаралууда. Бул демилге кайдан чыкты? Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда жаш мугалимдерди

Ишкер Media
ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Аскер прокуратурасы Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, 27-октябрда жаран М.Ш. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кызматкер маселесин чечип берүү үчүн 100 000 сом талап кылган. Кылмыш ишинин алкагында шектүү Б.Б. 60 000 сом

Ишкер Media
Жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктап калды

Жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктап калды

Бишкек шаарындагы жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктады, эми жол инфраструктурасы бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, соодагерлер жана кардарлар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлары курулду. Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу

Ишкер Media
Кыргызстанда 6 банкка 370 миң сом айып салынды

Кыргызстанда 6 банкка 370 миң сом айып салынды

Кыргызстанда мыйзам талаптарын бузган алты коммерциялык банкка жалпы 370 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка караганда, төрт коммерциялык банктын ар бирине 65 миң сомдон, дагы эки банкка 55 миң сомдон айып салынган. Банктар керектөөчүлүк кредиттөө жана сүткорлук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук

Ишкер Media