Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда жолдорду кышка даярдоо иштери күчөтүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аппараттык жыйын өтүп, анда өлкөдөгү автомобиль жолдорунун абалы, күз-кыш мезгилине даярдык жана жол оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Талантбек Солтобаев кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыз кылуу үчүн даярдык иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Тиешелүү жетекчилерге кышка керектүү туз жана башка тайгакка каршы материалдарды алдын ала камдоо, атайын жол техникаларын даяр абалга келтирүү жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле битум сактоочу жайларды жана тиешелүү инфраструктуралык объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, кышка даярдык иштерин өз убагында аяктоо милдеттендирилди.

Жыйында өлкө аймагында жүрүп жаткан жол оңдоо жана асфальт төшөө иштери да каралды. "Нарын – Баетов" жана "Ала-Тоо Резорт" багытындагы, ошондой эле Гүлчө жана Нарын шаарларындагы жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына байланыштуу жолдордун абалын, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин жана тиешелүү инфраструктуранын даярдыгын камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү милдети коюлду.

Ошондой эле жол тармагында эмгектенген кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана аларды бирдиктүү форма менен камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов тегерек столдо билдирди. Ага ылайык, расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Пилоттук долбоор эсептелип, Бишкек,

Ишкер Media
Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилери каралып, курулуш иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө талаптардын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Курулуш министрлигинен билдирди. Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан төмөнкү объектилер текшерилди: * "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борбору; * Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү 11 дарегиндеги

Ишкер Media
Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media
Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media