Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын багыты өзгөртүлдү

Бишкек шаарындагы Чүй проспектинин Чыңгыз Айтматов проспектинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254.

Убактылуу чектөөлөр мезгилде автобустар жабылган тилкени айланып өтүү менен өзгөртүлгөн маршруттар боюнча каттайт.
Бул чаралар коомдук транспорттун жабылган тилкелеринде тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан сапарларын пландаштырууда убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону өтүнөт.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук координаторлорун кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген өкүлдөр катышты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан жыйындын маанисине токтолуп, алдыдагы мамлекет башчыларынын

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Сүлүктүдө “акылдуу” эсептегичтер орнотулууда

Электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүү жана керектөөнү так көзөмөлдөө максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү электр тармактар ишканасы “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө. Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, 2026-жылга карата Сүлүктү электр тармактар ишканасына караштуу аймактарга жалпы 15454 даана “акылдуу” электр эсептегич орнотуу иштери пландалган

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык көзөмөл күчөтүлөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ысык-Көлдө экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул үчүн аймактык ыкчам жумушчу топ түзүлүп, иш тартиби бекиди. Жумушчу топ оюндар өтүүчү жайларда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башыда эт комбинаты менен сүт заводуна мониторинг жүргүзүлдү

Ат-Башы районунда бир катар азык-түлүк жана ветеринардык объектилерге мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. Кызматтын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын адистери эт комбинатынын, сүт заводунун, ветеринардык дарыкананын жана эт дүкөнүнүн ишмердүүлүгүн текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында объектилерде негизги ветеринардык-санитардык талаптар сакталып