Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады

Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Кырчын жайлоосуна келген коноктор жана жергиликтүү тургундар үчүн үч багыт боюнча акысыз автобус каттамдары уюштурулду.

Оюндардын медиаштабынын маалыматына ылайык, акысыз автобустар бүгүн саат 08:00дөн баштап каттай баштады. Каттамдардын аралыгы 15 мүнөттү түзөт. Үч багыт боюнча тең жол кире акысыз.

№1 каттам: Жаркынбаев — Кырчын – Семеновка. Автобустар Жаркынбаев айылынан чыгып, Ананьево, Семеновка жана Григорьевка аркылуу өтүп, Кырчын жайлоосуна барат.

№2 каттам: Бостери – Кырчын – Семеновка – Григорьевка. Каттам Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын аймагынан башталып, Бостери, Корумду, Темировка, Григорьевка жана Семеновка аркылуу Кырчын жайлоосуна жетет.

№3 каттам: Бает – Кырчын – Семеновка – Григорьевка. Автобустар Бает айылынан чыгып, Чолпон-Ата, Корумду, Григорьевка жана Семеновка аркылуу Кырчын жайлоосуна барат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте “ШКУ плюс” жыйыны өтүүдө

Бишкекте “ШКУ плюс” жыйыны өтүүдө

Бишкекте “ШКУ плюс” форматындагы жыйын өтүүдө. Бул тууралуу президенттик админстрациядан билдиришти. Жыйынга Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышууда. Белгилей кетсек, “ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген

Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган институттун базасында 200 млн сомго жакын каражатка 15 заманбап лаборатория камсыздалды. “Алар жашыл энергетика жана тоо-кен тармагы багытында иштеп, Борбор

Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тараптар малдарды эмдөө, ветеринардык препараттарды сатып алуу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңеши 1-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: - Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы;  - 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду