“Кыргыз темир жолу” 95,6 млн сомго тепловоздор үчүн тетиктерди сатып алат

“Кыргыз темир жолу” 95,6 млн сомго тепловоздор үчүн тетиктерди сатып алат

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк бөлүмү” филиалы тепловоздор үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алууга 95,6 млн сомдук тендер жарыялады. 

Сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, жеңүүчү товарларды келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде Манас шаары, Токтогул көчөсү 7 дарегине жеткириши керек.

Техникалык спецификацияда 61 позиция бар. Алардын арасында Д100, Д50 дизелдерине, ЧМЭ3, ТЭМ2, 2ТЭ10 локомотивдерине жана башка жабдууларга керектүү тетиктер каралган. Товарлар өндүрүүчүнүн талаптарына жооп берип, сапатын жана келип чыгышын тастыктаган документтери менен жеткирилиши керек.

Маалыматка караганда, арыздар 16-сентябрда саат 15:00гө чейин кабыл алынат. Өтүнмөнү камсыздоо - 2%, келишимди аткарууну камсыздоо - 5%. Аванс каралган эмес, төлөм товар толук кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт. Кепилдик мөөнөтү кеминде 12 ай. Өндүрүштүк кемчилик аныкталса, тетик жеткирүүчүнүн эсебинен алмаштырылат.

Мындан сырткары, катышуучулар 2024–2025-жылдары окшош товарларды жеткирүү боюнча тажрыйбасын, финансылык отчетун жана салык карызы жок экенин ырастоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media