Бишкектеги көңүл ачуучу жайларга киргизилген убакыт чектөөлөрү кайра алынып салынды

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларга киргизилген убакыт чектөөлөрү кайра алынып салынды

Бишкектеги көңүл ачуучу мекемелердин иштөөсүнө байланышкан убакыт чектөөлөр кайра алынып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эми түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке-барлар, анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунда жайгашкан эс алуучу жайларга түнкү саат 23:00дөн таңкы 7: 00гө чейин иштөөгө уруксат берилди.

Ошол эле учурда, мекемелердин жетекчилери санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын жана белгиленген алгоритмдердин сакталышы үчүн өздөрү жоопкерчилик тартышат (аралыкты сактоо, кызматкерлердин беткап кийиши, дезинфекциялоочу заттардын болушу, залдардын 50%га толушу ж.б.у.с). Эгерде белгиленген ченемдер жана эрежелер бузулса, анда ишкана мыйзам чегинде жооп берерин муниципалитеттен билдиришти.

Эскерте кетсек, 4 күн мурда эле Бишкекте эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысын саат 23:00гө чейин чектөө чечими кабыл алынып, ал 17-июнда күчүнө кирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.