Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Нарын облусунун аймагында 7 кабаттуу 350 орундуу көп тармактуу оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 20-ноябрда облус башчынын орун басары Жылдыз Мамбетова Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси, башкы директордун кеңешчиси Будур Аль Мансур баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Нарын шаарында курулушу пландалып жаткан 7 кабаттуу 350 орундуу көп тармактуу оорукананын долбоору, эки тараптуу кызматташтык жана келечектеги пландар талкууланды.

Белгилей кетсек, Кувейт фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан оорукана Нарын облусунун тургундарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар