Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

20-ноябрда финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Анын алкагында "Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Маалыматка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тарабынан 95,75 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик каражат бөлүнөт.

Программаны каржылоонун жалпы көлөмү 193 млн АКШ долларын түзөт. Аны ишке ашырууга Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, ОПЕК фонду, Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги катышат, ошондой эле жеке капиталды тартуу каралган.

Долбоор ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

Программа өлкөнүн жети облусун камтып, болжол менен 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн кеминде 454 миң тургунунун жашоо шарттарына оң таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, каржылык жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү