Курулуш материалдардын баасы былтыркыдан 10.5%га көтөрүлдү

Курулуш материалдардын баасы былтыркыдан 10.5%га көтөрүлдү

Өткөн жылдын май айына салыштырмалуу турак жай материалдарынын баасы 10.5%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Үстүбүздөгү  жылдын май айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык-түлүккө тиешеси жок товарлардын баалары жалпы республика боюнча 4.2%га жогорулады.

Турак жайларды күтүү жана оңдоо материалдары болсо, ушул мезгил аралыгында 10.5%га кымбаттаган. Атап айтсак, кирпич – 17%га, кесилген жыгач материалдар – 15.6%га, шифер – 15.2%га, цемент – 10.4%га көтөрүлгөнүн Улутстатком билдирди.

Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашкан. Баалардын эң жогорку деңгээли (1000 даанасы – 10 000 сом) Нарын жана Талас облустарында байкалган. Кесилген жыгач материалдары Баткен (19 313 сом – куб.м.) жана Жалал-Абад (18 135.2 сом – куб.м.) облустарында олуттуу кымбаттаганы катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын