«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторуна эми жүргүнчүлөр гана кире алат – убактылуу чектөөлөр киргизилди

«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторуна эми жүргүнчүлөр гана кире алат – убактылуу чектөөлөр киргизилди

Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет.

Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

«Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 24 июнунан тартып «Манас», «Ош» жана «Исык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн кирүүгө убактылуу чектөө киргизет», – деп маалымдайт «МЭА» ААК.

Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.