Депутаттар Жол фондун түзүүнү сунушташууда

Депутаттар Жол фондун түзүүнү сунушташууда

Депутаттар тобу өлкө аймагындагы жолдордун абалын оңдоо максатында Жол фондун ачуу демилгесин көтөрүүдө. ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «КРнын «Жол фонду жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен, депутаттар тобу Жол фондун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн КР Бюджет жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталмакчы. Мыйзам кабыл алынып калса, Жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт.

Депутат Улугбек Ормонов өлкө аймагындагы жолдордун акыбалы өтө начар экенин эске салып, азыр Жол фонду түзүлбөсө, жакынкы жылдарда жолду таптакыр жоготуп алуу мүмкүн экендигин айтты.

«Белгилей кетсек, жол тармагына мамлекеттик бюджеттен жылына 2 млрд сомдон кем эмес каражат каралыш керек болсо, бюджеттин тартыштыгынан улам, 600 млн сом гана бөлүнүп келген, ал жолдун жыртыгын жамоого да жетпейт», – деп билдирет парламенттин маалымат кызматы.

Транспорт жана жол министри Гүлмира Абдралиеванын айтымында, Кыргызстан жалпы тышкы карызынын 2 млрд доллары жол тармагына тийиштүү. Жол фонду ачылса, анда жылына 3 млрд сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда.

  • Эскерте кетсек, Economist.kg жакында эле жолдорго берилген тышкы насыялар тууралуу кенен материал даярдаган. Ал талдоого ылайык, жалпысынан 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын жол-транспорт тармагына 2.68 млрд доллар тартылган, бул тышкы жардамдын жалпы көлөмүнүн 23.4%ын түзөт. Транспорт тармагына бөлүнгөн бул сумманын 405.56 млн доллары (15.1%) грант түрүндө, калган 2.27 млрд доллары насыя түрүндө келген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.