Өкмөт ЕРӨБ аркылуу аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү көздөөдө

Өкмөт ЕРӨБ аркылуу аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү көздөөдө

Өкмөт Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) аркылуу аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. «2021-2025-жылдарга КРгы аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

КРда аялдар расмий эмес эмгек рыногунда, тейлөө жана соода тармактарында, насыяга негизделген өз алдынча иш жүргүзүү чөйрөсүндө көбүрөөк эмгектенишет. Бул өз кезегинде, аялдарды социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө болгон укуктарынан, социалдык пакетти алуудан автоматтык түрдө ажыратып коет деп белгиленет долбоордо.

Акыркы жыйырма жыл ичинде КРда калктын жумуш менен камсыз болуу деңгээлинин төмөндөшү байкалууда, бул айрыкча, аялдарга терс таасирин тийгизүүдө. Жалпы жумуш менен камсыз болгон аялдардын үлүшү 1990-жылдагы 83%дан 2015-жылы 45.4% га чейин төмөндөгөн. 2007-2010-жылдардагы аялдар үчүн эмгек акы эркектердикинин 67%ын гана түзгөн.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөр деп төмөндөгүлөрдү айтса болот:

  • Каржылоо мүмкүнчүлүгү (насыялар, субсидиялар, инвестициялар)
  • Бюрократия (лицензиялоо жол-жоболорун каттоо жана лицензия алуу)
  • Жогорку салык жүгү
  • Расмий эмес сектордогу атаандаштардын жүрүм-туруму (товарлардын баасын төмөндөтүү, салык төлөөдөн качуу)
  • Коррупция
  • Кадр квалификациясынын жетишсиздиги
  • Жер ресурстарын алуу мүмкүнчүлүктөрү (жер тилкесинин болушу, баасы жана сатып алуу / каттоодогу кыйынчылыктар)
  • Салык жана бажы администрациясындагы жогорку чыгымдар (салык жана бажы жол-жоболору жаатындагы отчеттуулук жана кызмат көрсөтүү кыйынчылыктары)

Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү көйгөйлөрүнүн катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Аялдардын ишкердүүлүгүнүн бирдиктүү аныктамасынын жоктугу
  • Аялдардын ишкердүүлүгүнүн экономикага кошкон салымын баалоо боюнча гендердик жактан бөлүнгөн маалыматтардын жоктугу
  • Өнүккөн ишкердик инфраструктурасынын жетишсиздиги
  • Кызыкдар тараптар арасында чакан жана орто бизнес саясатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча расмий координациялык аянтчанын жоктугу
  • Базарга жана кошумча нарк чынжырына кирүү үчүн стимулдардын жана мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги
Каржылоо

КРнын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда белгиленген чараларды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган министрликтер менен ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, КРгы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы жакынкы беш жылга төмөндөгүлөрдү пландаштырган:

  • аялдар башкарган компанияларга насыя берүүнү 12 млн долларга чейин камсыз кылуу
  • Борбордук Азиядагы аялдар жетектеген бизнести каржылоого 114 млн доллар бөлүү
  • 1 млн доллардан ашуун каражат ишкер аялдарды менторчулукка, окутуу курстарына жана жергиликтүү консультанттардан жана эл аралык эксперттерден бизнесин өркүндөтүү үчүн тажрыйба алуу үчүн берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.