КР эгемендикти алгандан бери ЭРӨБ өлкөгө 1 млрд доллар каражат бөлгөн

КР эгемендикти алгандан бери ЭРӨБ өлкөгө 1 млрд доллар каражат бөлгөн

Өлкө эгемендигин алгандан бери Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) грант түрүндө да, насыя катары да жалпысынан 1 млрд доллардан ашык каражат салды. Бул тууралуу ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн кечээ, 21-июнда президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенти Садыр Жапаров кечээ, 21-июнда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Нил Маккейнди ЕРӨБдүн жакында өткөн 30 жылдыгы менен куттуктап, ЕРӨБ өлкөдөгү өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Жапаров Нил Маккейнди Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу болгон секторлордогу энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, санариптештирүү, айыл чарбасы, туризм тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды.

Өз кезегинде Нил Маккейн Мамлекет башчысына ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассонун саламын айтып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин айтты. Өлкө эгемендигин алгандан бери ЕРӨБ грант түрүндө да, насыя катары да жалпысы 1 млрд доллардан ашык каражат салганын баса белгилегенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын пикиринде, бул чоң сумма, бирок жетишсиз. ЕРӨБ туризмден тартып банк секторуна чейинки атамекендик экономиканын көптөгөн тармактарына, ошондой эле суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу долбоорлоруна катышууда.

Нил Маккейн ЕРӨБ өзгөчө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформаларды ар дайым колдоп келгендигин кошумчалап, Кыргызстан менен активдүү кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.