Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо чаралары ратификацияланууда

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо чаралары ратификацияланууда

ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн салык саясатын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган КР менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Өкмөтү менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимге ылайык, киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу чаралары өлкө салыгын башкаруу амалдарын кыйла жеӊилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, мындай эки тараптуу салыктык келишимдер дүйнөнүн бир катар мамлекеттери менен түзүлгөн. Эл аралык тажрыйбада кеӊири тараган мындай келишимдер эки тарапка теӊ ыӊгайлуу жана пайдалуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.