Кытайлык консорциум Үч-Коргон ГЭСин 79 млн долларга модернизациялоону көздөөдө

Кытайлык консорциум Үч-Коргон ГЭСин 79 млн долларга модернизациялоону көздөөдө

China National Electric Engineering Co., Ltd компаниясынын консорциуму жана Dongfang Electric Machinery Co., Ltd. «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсү болду. Кытайлык подрядчик атаандаштар арасында эң арзан бааны, тагыраак айтканда, 79 млн долларлык бааны сунуштаганын «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Консорциум «Үч-Коргон ГЭСин калыбына келтирүү үчүн гидроэлектромеханикалык (ГЭС) жабдууларды жана гидротехникалык курулмаларды (ГТС) алмаштыруу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу» боюнча №2 пакетинин жалданмачысы болуп тандалган.

Жалпысынан тендерге Кытай, Россия, Испания жана Австрия сыяктуу өлкөлөрдөн жети компания катышкан. Ошол эле учурда, россиялык жана испаниялык катышуучулардын сунуштары тендердик документтердин талаптарына дээрлик жооп берген эмес.

Эске салсак, буга чейин долбоордун консультанты болуп EDF-Hydro Engineering Center француз компаниясы тандалган. Келишимдин суммасы 3.35 млн долларды түзгөн.

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоору Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) каражаты менен ишке ашырылууда. Ага донор 100 млн доллар бөлөт (бул Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү боюнча долбоорлордун алкагында үнөмдөлгөн каражат). Анын ичинен 40 млн доллары грант, 60 млн доллары 32 жылга чейинки мөөнөт менен берилген. Анын ичинде бересе жеңилдетилген мезгилде (8 жыл) 1% жана анын мөөнөтү бүткөндөн кийин 1.5% үстөк пайыз менен төлөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.