«Түндүк электр» ишканасы дагы бир майнинг чарбасын жапты

«Түндүк электр» ишканасы дагы бир майнинг чарбасын жапты

«Түндүк электр» ААКсы Чүй облусундагы дагы бир мыйзамсыз майнинг чарбасын жапты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери Ысык-Ата районунда, Жер-Казар айылынын таш майдалагыч аймагында «ЖИ Ибраимов А.М.» өндүрүштүк абонентине катталган майнинг чарбасын аныкташты. Абонент кубаттуулугу 1000 кВА трансформатордук көмөкчордондон майнинг үчүн электр энергиясын мыйзамсыз колдонуп жүргөн.

Ишкананын берген маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн объектке электр энергиясын берүү токтотулду жана ал токту мыйзамсыз сарптагандыгы үчүн абоненттен эсеп алынат. Бардык материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

«Түндүк электр» суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле күтүлүп жаткан электр энергиясынын жетишсиздигинен улам, электр энергиясын керектөө чектерин сактоо максатында, өкмөт жана «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКсы майнинг иштерине техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салат.

Компания жарандардан иштеп жаткан майнинг чарбаларын аныктоого көмөктөшүүнү жана эгер мындай ишкана тууралуу билип калышса, 1209 номерине ишеним телефону аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки