Коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар Баткен окуясында жабыркагандардын 13 млн сомдук насыяларын кечишти

Коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар Баткен окуясында жабыркагандардын 13 млн сомдук насыяларын кечишти

Коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Economist.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

«Мындай кырдаалда бардык банктар жардам бериш керектигин түшүнүштү. Андан кийин биз дароо эле коммерциялык банктар менен каза болгондордун, ошондой эле үйлөрү өрттөнүп, бизнеси жабыркагандардын насыяларын кечип салуусун макулдаштык. Бул эң көп жабыркаган үч айылдын жашоочуларына тиешелүү болду», – деп белгиледи Улуттук Банктын башчысы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, коммерциялык банктар 9.5 млн сом суммасындагы 57 кредитти кечкен, ошондой эле 62 млн сомдук 37 насыяга кийинкиге жылдырып төлөө мүмкүнчүлүгү берилген. Банктардан тышкары, микрофинансылык компаниялар дагы 3.5 млн сом суммасындагы 131 насыяны кечишти.

«Мамлекеттик эки банк боюнча суроолор бар, анткени «Айыл Банк» жана «РСКнын» акционерлери өкмөт болуп саналат жана мындай чечимге акционерлердин уруксаты керек. Башкача айтканда, ал жердеги жалданма менеджерлер жогоруда айтылган чечимдерди акционерлер менен макулдашпай туруп кабыл ала алышпайт», – деп түшүндүрдү Абдыгулов.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.