Кыргызстан жана коңшу мамлекеттерде КММнын баасы эмне үчүн өсүүдө?

Кыргызстан жана коңшу мамлекеттерде КММнын баасы эмне үчүн өсүүдө?

Көптөгөн товарлардын, анын ичинде мунайдын да баасы көтөрүлүүдө. Мунай заттарынын кымбатташы – суроо-талаптын көбөйүшү жана сунуштун чектелиши менен байланыштуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Союзу билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин мунай фьючерстерин жеткирүү баасы баррельге 75 доллардан ашты. Суроо-талап өсүүдө, Америка Банкынын аналитиктеринин айтымында, 2022-жылга чейин Брент мунайынын баррели 100 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ушундай эле божомолдорду ири дүйнөлүк нефть сатуучу Trafigura жана америкалык Goldman Sachs банкы да билдирет.

Берилген маалыматка таянсак, 2014-жылы нефттин баррели 100 доллардан жогору болгон, бирок бүгүнкү күндүн курсуна салыштырмалуу ал башка нарктагы 100 доллар эле. Мунай заттын кымбатташы – суроо-талаптын көбөйүшү жана сунуштун чектелиши менен байланыштуу.

Дизелге жана бензинге дүйнөлүк баалар өсүүдө

Дүйнөлүк котировкалардын өсүшү экспорттук баанын өсүшүн (netback) түшүндүрөт. Нефтетрейдерлер мындай котировкаларга түздөн-түз көз каранды, анткени аларга сатуу бааларын мунай заводдору коюшат. Июль айында баа көтөрүлүп, орточо айлык өсүш 4%дан 6%га чейин жетет деп божомолдонууда

Ошого карабастан, Global Petrol Price аналитикалык ресурсунун рейтингине ылайык (176 өлкө), эң кымбат бензин Гонконгдо болуп, анын литри 2.5 доллар турса, Венесуэлада бензиндин литри эң арзан көрсөткүчтө болуп, литри 0.02 долларды түзгөн. Кыргызстан эң арзан күйүүчү-майлоочу майлар боюнча 24-орунду ээлеп, Россия, Өзбекстан жана Беларуссиядан жогору турат.

Казакстан

Казакстандын базарындагы сатуучулардын айтымында, мунай заттарынын баасы көтөрүлүүдө. 24-июлдан 16-августка чейин мунайды кайра иштетүүчү Павлодар заводу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылуусу – рынокко түздөн-түз таасир этиши мүмкүн. Рыноктун адистеринин божомолуна ылайык, аффинаждык заводдо оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда, күйүүчү майдын тартыштыгы байкалышы мүмкүн жана бул Россиядан Казакстандын түндүк аймактарына импорттун көбөйүшүнө алып келиши ыктымал.

Аргус аналитикалык агенттиги билдиргендей, Казакстанда дизелдик отун кымбаттоодо. Июль айында баалардын өсүшүнүн себеби акциздик ставканы индексациялоо жана дизелдик отундун запасынын азайышына байланыштуу. Соодагерлердин билдиришинче, айрым жеткирүүчүлөр баанын мындан ары көтөрүлүшүн күтүп жаткандыктан, күйүүчү майдын сатылышын чектешүүдө.

Өзбекстан

Өзбекстанда мунай заттарынын баасы өткөн жумада кымбаттады. Рыноктогулардын айтымында, буга Россиядагы мунайдын сатуу баасынын жогорулашы жана баанын тоннасына орто эсеп менен 25 доллардан 30 долларга чейин көтөрүлүшү себеп болууда.

Россия

Мунай заттын кымбатташынан жана рублдын курсунун солгундашынан улам, бир катар чаралар көрүлүүдө, мисалы, биржада күйүүчү майды сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана демпфер механизми иштелип жатат. Мунай компаниялары менен күйүүчү май боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү жана ички рынокту камсыз кылуу үчүн мунай заттарын экспорттоого тыюу салуу (бензинге карата азырынча) да каралууда.

Отун-энергетикалык комплексинин борбордук диспетчердик кызматы билдиргендей, Россиядагы май куюучу жайлардын баалары бир айдан ашуун убакыттан бери (13-майдан баштап) үзгүлтүксүз өсүп келе жатат.

Бүгүнкү күндө ички рынокто АИ-92 бензининин дүңүнөн сатылуучу партияларынын орточо баасы тоннасына 54 миң рублди түзсө, АИ-92нин экспорттук баасы (таза) 67 миң рублдан ашты. Дизелдик отун Европадагы суроо-талаптын жана котировкалардын өсүшүнүн фонунда тарыхый рекорддорду басып өтүп, 6% га кымбаттады.

Кыргызстан

Кыргызстан көптөгөн тармактарда, анын ичинде мунай заттарын керектөөдө импортко көз каранды. КРнын мунай сатуучуларынын айтымында, биз өндүрүүчүлөрдүн сатуу бааларына таасир эте албай тургандыгыбызды эске алуу керек, андыктан өлкөнүн базарына таасир этүүчү башка чараларды колдонуу зарыл.

  • эң көп керектелген мезгилде мунай заттарына салыктын кыскартылышы
  • гибрид жана электр кыймылдаткычы бар автоунааларды алып келүү үчүн стимулдарды колдонуу
  • газ куюучу жайлардын курулуш нормаларын жөнөкөйлөтүү
  • улуттук валютаны чыңдоо

.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.