Садыр Жапаров экономиканы талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрү менен жолугат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жана ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тестин тапшырышкан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат