Жакырчылыктын деңгээли – 25%га, алыскы аймактарда 40%га жетти – президент

Жакырчылыктын деңгээли – 25%га, алыскы аймактарда 40%га жетти – президент

Жакырчылыктын деңгээли – 25%га, алыскы аймактарда 40%га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда  президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жана ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн президент бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Covid-19 илдети күчөп баратса да, катаал чектөөлөр киргизилбегенин, анткени ансыз да солгундап турган экономикага бул каттуу сокку болоорун айтып өттү.

Андан кийин бүт дүйнө сыяктуу эле Кыргызстанды да кымбатчылык каптап турганын, өлкөнүн экономикасы чечкиндүү чараларды талап кылып жатканын билдирди. Ошондой эле өлкө башчы бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө мамлекетке ак ниет кызмат кылып жаткандарын баса белгилеп, ыраазычылыгын айтты.

«Өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү болгон ИДП КРда киши башына 1300 долларды түзөт, бул ЕАЭСте эң төмөн, ал эми дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсеге аз. Тез жана көзгө көрүнө турган натыйжалар керек. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли – 25%га, алыскы аймактарда 40%га чейин жетти. Шаар менен региондордун орстосундагы киреше айырмасын азайтууга тийишпиз. Аны минималдаштыруу зарыл», – деп белгиледи өлкө башчы өз сөзүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.