Бизде технологиялар бар, бизнес долбоорлор бар жана Бөлтүрүк бар – Акылбек Жапаров КРнын «алтын» келечеги тууралуу

Бизде технологиялар бар, бизнес долбоорлор бар жана Бөлтүрүк бар – Акылбек Жапаров КРнын «алтын» келечеги тууралуу

Дүйнөлүк тенденция ушундай, алтындын баасы барган сайын кымбаттай берет. Жакынкы келечекте, президенттин жарлыгы менен, мамлекет тарабынан бардык алтын кендери иштетиле баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров кечээ, 23-июнда өткөн президент менен ишкерлердин жолугушуусунда билдирди.

«Технологиялар бар, бизнес-долбоорлор бар жана алардын бардыгына жетекчилик кыла ала турган Тенгиз Бөлтүрүк сыяктуу адамдар бар, өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулат деп үмүттөнөм», – деди ал.

Жапаровдун айтымында, өлкөдө ресурстар жетиштүү. Алтындан тышкары, IT технологияларында активдүү колдонулчу платина жана күмүш бар.

Экономика жана каржы министри Кыргызстандын карызы өтө чоң жана ИДП аз деп кейибөөгө жана андан аркы өсүү парадигмасын өзгөртүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, аталган жыйында президент Садыр Жапаров өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү болгон ИДП КРда киши башына 1300 долларды түзөт, бул ЕАЭСте эң төмөн, ал эми дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсеге аз деп айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки