КР Россиядан бензинди жана дизелди салыксыз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү суранды

КР Россиядан бензинди жана дизелди салыксыз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү суранды

Нефтетрейдерлердин өтүнүчү боюнча, Кыргызстан Россия тарап менен биргеликте 2021-жылга карата индикативдик баланска түзөтүү киргизип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда маалымат жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин башчысы Талант Маматеминов билдирди.

Маматеминовдун айтымында, автомобилдик бензинди өкмөттүн салыгысыз (пошлина) жеткирүүнүн көлөмүн 70 миң тоннага, дизелдик отунду 65 миң тоннага көбөйтүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата индикативдик баланска ылайык, мунайдын пошлинасыз жеткирилишинин көлөмү 50 миң тонна, бензин –  460 миң тонна, дизель – 485 миң тонна, авиакеросин – 100 миң тонна болот.

Ошол эле учурда, беш айдын ичинде Кыргызстанга 336 миң тонна бензин, 221 миң тонна дизелдик жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 24 миң тонна күйүүчү май импорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.