Кыргызстандагы жол кырсыктарын эми ар бир жаран сайттан көрө алат – каттоо системасы ишке кирди

Кыргызстандагы жол кырсыктарын эми ар бир жаран сайттан көрө алат – каттоо системасы ишке кирди

КРнын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунун алкагында, «Санарип Долбор» ЖЧКсы менен биргеликте республика боюнча жол кырсыктарын эсепке алуу системасын иштеп чыгып, жумушка киргизди. Бул тууралуу Фонддун маалымат кызматы билдирди.

Окуялар боюнча бардык маалыматтар ыкчам режимде түзүлөт жана 102.kg сайтында ачык көрсөтүлөт. Сайттан, кырсыктын себептерин жана сүрөттөлүшүн, алардын санын аймактар ​​жана шаарлар боюнча көрүүгө болот.

102.kg сайтын ачканда, баракча республика боюнча акыркы 90 күн ичиндеги маалыматтарды көрсөтөт. Сайт кырсыктардын мезгилин жылдар, айлар, жумалар жана күндөр боюнча тандап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматтар КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан маалыматтар киргизилген учурдан тартып, бардык мезгил ичинде көрсөтүлөт.

Картадан жана статистикадан ар бир аймактагы кырсыктарды көрө аласыз. Белгилүү бир аймактын картасын бассаңыз, оң терезеде тандалып алынган областын аймактары боюнча маалыматтар бөлүнүп берилет.

Ачык маалыматтар жарандардын коопсуздугун жогорулатуу, жол кыймылын жөнгө салуу жана кооптуу аймактарды аныктоо үчүн кийинки аналитикага мүмкүндүк берет. Долбоор мамлекеттик структуралардагы коррупциянын компоненттерин кыскартууга, ошондой эле аталган агенттиктердин ишин контролдоого жарандардын катышуусун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.