Министрлер кабинети Айыл чарба министрлигин жетишсиз иш алып барганы үчүн сынга алды

Министрлер кабинети Айыл чарба министрлигин жетишсиз иш алып барганы үчүн сынга алды

Министрлер Кабинети өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алып, аны жетишсиз деп тапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бир катар бөлүм башчыларына эскертүүлөр жана сөгүш жарыяланды. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго жана анын суу чарба иштери боюнча орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев ээлеген кызмат ордуна канчалык татыктуу экендиги жөнүндөгү маселени карап чыгуу тапшырылды.

«Эгер сиз убагында жетиштүү көңүл бурсаңыз, суунун жетишсиздиги, азык-түлүк коопсуздугу маселелери жаралмак эмес. Актанганды токтотуңуз. Министрлик башында эле өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү жөнүндө ойлонушу керек болчу. Акыркы 5 айдын иш планын алалы. Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын ишин талдоо тапшырылган эле. Бүгүнкү күндө эч кандай сунуш жок. Региондордо кластердик механизмди ишке ашыруу боюнча дээрлик маалымат жок», – деди министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки