ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) ишкерлерге бизнес-долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жана инвестициялык долбоорлорго потенциалдуу каржылоо алууга жардам берет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

РФнын колдоосу менен каржыланган ПРООНдун «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү» долбоорунун алкагында приоритеттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү иштери улантылууда.

Долбоорду тандоонун минималдуу критерийлерине жооп берген жана алдын-ала тандоодон өткөн долбоорлор техникалык колдоого кайрыла алышат.

Приоритеттүү бизнес-долбоорлор:
  • Жашыл долбоорлор (климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу)
  • Аялдарга / жаштарга / аймактык ишкердүүлүккө оң таасирин тийгизген көптөгөн жумушчу орундарын түзүүчү долбоорлор
  • Өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого багытталган долбоорлор
  • Импортту алмаштырууга багытталган долбоорлор
  • Инновациялык технологияларды колдонуу менен өндүрүш иштетүү
  • Социалдык-экономикалык натыйжа берген долбоорлор.

Техникалык колдоого кайрылуу үчүн, толтурулган анкетаны электрондук форматта projectpreparations@gmail.com почтасына 2021-жылдын 9-июлда саат 24:00гө чейин жөнөтүү керек.

Тандоо критерийлерин кароо үчүн жана анкетанын формасын алууга бул шилтеме аркылуу кире аласыз.

  • Бардык суроолор боюнча projectpreparations@gmail.com почтасына же 0778 13 58 87 номерине кайрылсаңыз болот (чалуулар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 15:00дөн 17:30га чейин кабыл алынат).

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки