КРгы жолдордун 22% гана жакшы абалда – Транспорт министрлиги

КРгы жолдордун 22% гана жакшы абалда – Транспорт министрлиги

Кыргызстандын автомобиль жолдору болжол менен жүргүнчүлөрдүн 98%ын жана жүк ташуунун 96%дан ашыгын камсыз кылат. Ошол эле учурда жолдордун 22%ы гана жакшы абалда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Жол фондун түзүү – бул көйгөйдү чечүүгө жардам берет, ошондой эле жол тармагынын бюджетке болгон көз карандылыгын, тышкы донорлордун жардамын жоюуга жана мамлекеттик карыздын өсүшүн токтотууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Фондду бензинге жана дизелдик отунга акциздик салыктан түшкөн каражаттар жана жолдорду пайдалануудан түшкөн төлөмдөр менен каржылоо сунушталууда.  

Мурдагы инвестициялардын натыйжасында курулган жол активдери талаптагыдай эмес тейлөөдөн улам бузулуп жатат. Оңдоо жана бекемдөө иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөсө, келечекте ири инвестицияларга муктаждык сакталып калышы мүмкүн экендигин Транспорт министрлиги кабарлады.

Дүйнөлүк Банктын изилдөөлөрүнө ылайык, жолду калыбына келтирүү – жолдун эксплуатациялык циклинин мезгилиндеги туруктуу тейлөөгө караганда үч эсе кымбатка турат.

Учурдагы жолдорду кармоого, оңдоо-түздөөгө консолидацияланган ресурстардын 10.3%ы гана кетет жана бул өтө эле аз. Натыйжада, жолдордун кызмат кылуу убактысы кыскарууда жана узак мөөнөттүү инвестицияларга жаңы муктаждыктар жаралууда деп билдирди департамент.

Ошол эле учурда, 2018-2040-жылдарга КРны өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жыл сайын кеминде 550 км ички жолдорду оңдоо, кеминде 15 көпүрөнү куруу каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.