Салык кызматынын электрондук кызматын 7 млн адам колдонду

Жыл башынан бери Салык кызматынын электрондук сервистерин колдонуучуларынын саны 7 млн адамга жетти. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылы сайттын кызматын – дээрлик 11 млн жолу, 2019-жылы – 8 млн жолу пайдаланышкан. 2018-жылы сайтка 6 млн пайдалануучу кирген. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге көп.

Учурда www.sti.gov.kg сайтында мурдагы жылдардагыдай эле электрондук кызматтар, ошондой эле отчеттордун формасы, салык төлөөчүнүн кабинети, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы ушул сыяктуу жана башка кызматтар иштеп жатат.

Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен МСКнын сайтын пайдалануучулардын саны жыл сайын өсүүдө деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат