Кумтөрдүн жергиликтүү камсыздоочулар менен түзгөн бардык келишимдери күчүндө калат

Кумтөрдүн жергиликтүү камсыздоочулар менен түзгөн бардык келишимдери күчүндө калат

Убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийин, Кумтөр өз ишин кадимки режимде улантууда, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын бардык келишимдери жана макулдашуулары күчүндө кала берет жана жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу тышкы менеджер Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү менен болгон жолугушууда билдиргенин компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Тенгиз Бөлтүрүк өз сөзүндө Кумтөрдүн бөдрөтчүлөрүн таанышуу жана учурдагы кызматташтыкты талкуулоо, ошондой эле болочоктогу пландар менен бөлүшүү үчүн чакырганын белгиледи. «Ал эми,учурда «КГКнын» көпчүлүк мурдагы иш мамилелери кайра каралып жатат, анын ичинде компаниянын камсыздоо маселелери да бар. Өзгөчө басым коопсуздук техникасынын сакталышына жана коррупцияга каршы ченемдердин аткарылышына жасалат», – деди ал.

Ошондой эле Бөлтүрүк Кумтөрдүн жеткирип берүүчүлөрүнө көп жылдык кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун натыйжасында, жергиликтүү товар жеткирип берүүчүлөр жана кызмат сунуштоочулордун өкүлдөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог болду.

«КГКнын» кызматкерлери бөдрөтчү уюмдардын ишин баалаган көрсөткүчтөрдүн статистикасын көрсөтүп, жеткирип берүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти жана жабдуучулардын башка маанилүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.