Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясы алынып келинет

Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясы алынып келинет

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, ар кыл чөйрөдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын алып келүү жана Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү да бар. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары бир катар маселелер боюнча принципиалдуу келишимдерге жетишти. Алар: биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 млн долларды түзгөн Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана куруу.

Ошондой эле Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— КРнын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы өндүрүш кооперациясы жөнүндө макулдашуу

— КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

— КРнын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети менен Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

— КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

— КРнын Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппараты менен Түркмөнстандын Мары велаятындагы Хакимлик ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум

— КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Түркмөнстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

— И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Түркмөнстан мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

— 2021-2025-жылдарга карата КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Түркмөнстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча иш-чаралар планы

— 2021-2024-жылдарга карата КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркмөнстандын Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосунда 2014-жылдын 11-ноябрындагы Крнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча спорт жаатындагы иш-чаралар планы

— 2021-2023-жылдарга карата 2014-жылдын 11-ноябрындагы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосунда маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы

— 2018-жылдын 23-августундагы Крнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда Кино өндүрүшү жана телерадиоберүү жаатында биргелешип кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол

— 2021-2022-жылдарга карата КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы

— 2000-жылдын 6-мартындагы КРнын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол

Кол коюлган документтер Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.