Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен чек ара маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз», – деп билдирди ал.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

КРнын президентинин маалымат кызматы Эмомали Рахмондун чек ара тууралуу пикири жөнүндө азырынча эч кандай кабар бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.