Айыл чарба министрлиги эл аралык сертификацияны иштеп чыгууну көздөөдө

Айыл чарба министрлиги эл аралык сертификацияны иштеп чыгууну көздөөдө

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги сертификацияны өнүктүрүүнү пландаштырууда. Бул үчүн жобо иштелип чыккан, ага ылайык ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары экспорттук сертификаттарды берген органдар бир катар артыкчылыктарга ээ болушат. Бул тууралуу органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева маалымат жыйынында билдиргенин 24.kg маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө фермерлер сертификат алуу үчүн чет өлкөгө чыгууга аргасыз болуп, болжол менен 10 миң доллар төлөшөт. Жогорудагы пландар ишке ашса, дыйкандарга сертификат алуу үчүн башка өлкөгө баруунун кажети жок, жергиликтүү инспекторлор жумушту бүтүрүшөт.

«Эгерде филиалдар ачылса, кандай болгон күндө дагы алар жергиликтүү адистерди жалдашат, ошондо биздин адистер сертификаттоо процессин үйрөнүп, өздөрү күбөлүк берүүчү компанияларды ача алышат. Ошондо биз Европа Бирлиги менен органикалык стандарттар боюнча макулдашабыз, эгерде алар кабыл алынса, анда Кыргызстандын продуктылары толугу менен органикалык болуп эсептелет», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.