Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүсүн четке какты

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри Тенгиз Бөлтүрүктүн билдирүүсүн четке какты

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри «Кумтөр» кенин жумушчуларына Торонтодон жөнөткөн ыраазычылык ачык катында, Тенгиз Бөлтүрүктүн берген маалыматтарын четке какты. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

«Теңгиз Бөлтүрүктүн айтымында, биз Кумтөр алтын компаниясынын 1.7 млрд долларын бөгөттөп салган экенбиз. Андай эмес. 2021-жылдын 30-апрелине карата, кенди иштетүүдө келип чыккан муктаждыктарды канааттандыруу үчүн Кумтөр алтын компаниясынын банк эсебинде 17.1 млн АКШ доллары болгон. Орто эсеп менен, кендин бир жумалык чыгымы 16.2 млн долларды түзүп, ал толук күнгө жалданган, келишим боюнча иштеген 4000 ашуун жумушчулардын эмгек акыларын, ошондой эле Кыргызстандын жүздөгөн жергиликтүү
ишканаларынан сатылып алынган нерселердин акысын төлөөгө каралган», – деп билдирет Скотт Перри өзүнүн катында.

Андан тышкары, Скотт Перри Кумтөрдүн жумушчуларына ыраазычылык билдирип жана кыргыз өкмөтү кызматташуудан бир канча ирет баш тартканын кабарлаган.

«Бир топ жыл чогуу иштешип, көп адамдар мүмкүн эмес деп ойлогон нерселерге чогуу жеттик. Силердин жардамыңар менен, биз КРгы алдыңкы алтын өндүрүүчү компания болуп, кыргыз жарандары үчүн жакшы төлөнүүчү миңдеген жумуш орундарын түзүп бердик. Биргелешип жеткен ийгиликтерибиз менен сыймыктанам жана силер да сыймыктанбай койбойсуңар деп ишенем», – деди ал.

Анын айтымында, кызматташууну үзгүлтүккө учураткан жалган маалыматтын негизинде өкмөттүн кенди басып алганына бир айдан ашуун убакыт өттү. Өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетинин ачык билдиргенине карабастан, өкмөт канада тарап менен кызматташуудан бир нече жолу баш тарткан.

«Мөңгүлөрдүн эриши Кумтөр кени иштетилип баштаганга чейин климаттын өзгөрүүсү менен шартталган, КРгы гана эмес, дүйнөнүн башка бурчтарындагы Альпы тоо кыркаларындагы мөңгүлөргө мүнөздүү жалпы көрүнүш. Кыргыз өкмөтү менен макулдашылгандан кийин, 2014-жылдан тарта бош тоо тектер Кумтөр кенинин аймагындагы мөңгүлөргө көмүлбөй калган. Бош тоо тектер менен мөңгүлөр аралашып кетпесин деп аларды өз өзүнчө ажыратып келгенбиз.

Биз үчүн силердин коопсуздугуңар ар дайым биринчи орунда турчу. Өкмөт кенди басып алганга чейин бардык коопсуздук, мониторинг жана иштетүү системалары талапка ылайык иштеп келген. Өзүңөр байкагандай эле, мамлекеттик органдар Кумтөр кенинде иштеген айрым кызматкерлердин компьютерлери менен сырсөздөрүн тартып алышканда, Centerra Gold компаниясынын дүйнөлүк IT инфраструктурасынын бүтүндүгүн коргоо максатында Кумтөрдө иштегендердин кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенге аргасыз болдук. Борбордук системага кирүү мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, кендин коопсуздугун камсыз кылган системалар, ошондой эле мөңгүлөрдү мониторингдеген системалар мурункудай эле иштеп жатышат», – деп билдирет Скотт Перри.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, болуп өткөн окуяларга байланыштуу пландарын токтото турууга аргасыз болгонун жазат.

«Өкмөт менен болгон пикир келишпестиктерибиз ушунчалык деңгээлге жеткени бизди өкүндүрбөй койбойт. Мындай болбошу керек эле. Кумтөр кенинин өмүрүн узартуу үчүн кошумча 2 млрд доллар инвестиция кылып, силер менен кеминде дагы он жылдай иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Тилекке каршы, болуп өткөн соңку окуялардан кийин пландарыбызды токтото турууга аргасыз болдук.

Учурда башыңардан эртеңки күнүңөр белгисиз болгон оор мезгил өтүп жатканын жакшы түшүнүп турам. Өкмөттөн биз менен болгон талаш-тартышты ачык-айкын жана таза чечүү үчүн биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү көптөн-көп өтүндүк. Өкмөт менен болгон түшүнбөстүктөрдү сүйлөшүүлөр жана өз-ара келишүү жолу аркылуу тез арада чече алабыз деп ишенем. Буга чейин деле чечилбес көйгөйлөрдү чечип келгенбиз жана бул жолу да чечебиз. Өкмөт канчалык эрте биз менен сүйлөшө баштаса, биздин эртеңки тагдырыбыз да ошончолук эрте белгилүү болот», – дейт компаниянын президенти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.