Минкабинет «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады

Минкабинет «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин журүшүндө башка маселелер менен катар «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

«Мыйзамдын негизги милдети – жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, жана инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашоого тийиш», – деди Улукбек Марипов.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык Кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

«Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген», – деп белгиледи Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, регионго өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, облуска төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

  • атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.