Ишкерлер электрондук патент алуу үчүн жыл башынан бери 609 млн сом төлөштү

Ишкерлер электрондук патент алуу үчүн жыл башынан бери 609 млн сом төлөштү

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын башынан тартып азыркы учурга чейин 609 млн сом суммасында 259 миң электрондук патент берди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Электрондук патент берилип баштагандан бери (2018-жылдын 1-октябрынан баштап) ведомствонун сайты аркылуу онлайн түрүндө бардыгы болуп 1 млрд 31 млн сом суммасында 419 миң патент берилген.

 Мындан тышкары, 2020-жылдын августунан тартып патент жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилип бир документ менен алуу мүмкүндүгү түзүлгөн. Бул мезгилден тартып суммасы 297 млн сомдук 395 миң патент жана 316 миң камсыздандыруу полиси берилген.

Бириктирилген документ – патент жана камсыздандыруу полисин эки ыкма менен: салык органына баруу менен кагаз жүзүндө жана Salyk.kg сайтында «жеке кабинети» аркылуу электрондук формада алууга болот.

  • Учурда электрондук патент үчүн төлөмдү ар кандай жолдор менен төлөй аласыз. Эгерде накталай эмес болсо, анда интернет-эквайринг аркылуу Демир банктын, «Кыргызкоммерцбанктын» жана «Азия» банкынын Viza жана Master Card карталары, ошондой эле «Элсом», UMAI жана «O! Деньги» мобилдик банкингдери аркылуу жүргүзсө болот.
  • Накталай төлөөдө: «Оптима Банк», «РСК Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк», АКБ «Кыргызстан», «БТА банк», Quickpay Megacom, NBP, KICB, «Финка банк», «Бай Түшүм банк» жана «Кыргызкоммерцбанктын» төлөм терминалдарын колдоно аласыз, ошондой эле  «РСК Банк» жана «Айыл Банктын» кассалары аркылуу да төлөсө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.