Кыргызстанга 2 млн долларлык мобилдик медициналык топтомдор берилди

Кыргызстанга 2 млн долларлык мобилдик медициналык топтомдор берилди

«Ден-соолук кербени» долбоорунун алкагында Кыргызстанга 2 млн долларга мобилдик медициналык комплекстер (автопоезддер) тапшырылды, долбоор гранттык негизде Евразия Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Фонду (ЕТӨФ) тарабынан каржыланат, анын каражаттарын Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕӨБ) башкарат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эң заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган мобилдүү медициналык комплекстер, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, ошондой эле КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук ооруканага жиберилет, алар өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорунда кызмат кылат.

«Ден-соолук кербени» долбоорунун максаты – ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу аркылуу айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында ооруларынын алдын алуу жана табууну жакшыртуу болуп саналат.

Долбоор ошондой эле автопоезддер үчүн зарыл болгон ченемдик жана техникалык документтерди, анын ичинде техникалык регламенттерди, иштөөнүн типтүү жол-жоболорун, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды, эпидемиологиялык маалыматтарды талдоонун негизинде профилактикалык текшерүүлөрдүн пландарын иштеп чыгууну карайт. Иштелип чыккан документтер автопоезддерди колдонууга жана эпидемиянын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.