Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду долбоорлорду каржылоо ишин жандандырат

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду долбоорлорду каржылоо ишин жандандырат

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) КРгы долбоорлорду каржылоону 1-июлдан баштап улантат. Тиешелүү чечим ОКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков менен Фонддун кеңешмесинин төрагасы, РФнын финансы министринин орун басары Тимур Максимов менен Москвада өткөн жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында макулдашылган.

Новиков фонддун кеңешинин төрагасына модернизациялоо, корпоративдик башкаруунун принциптерин чыңдоо, жаңы долбоорлорду жана ОКӨФтүн куралдары аркылуу КРнын ишкерлерин колдоого багытталган жаңы программаларды даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Максимов КРгы саясий кырдаалдын турукташуусун, ошондой эле акыркы айларда ОКӨФтүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча келишимдерди ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар экендигин белгиледи. «КРгы саясий кырдаалдын турукташкандыгын эске алып, ОКӨФ тарабынан түздөн-түз каржылоо программасынын алкагында жаңы насыяларды берүүнү кайрадан баштоого болот деп эсептейм», – деди ал.

Мындан тышкары, алар ОКӨФтү модернизациялоо боюнча жумуштарды тездетүү, фонддун кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле кыргыз экономикасын өнүктүрүү, калкты иш менен камсыз кылуу жана өлкөнүн эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөө тууралуу кеп кылышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.