Өсүмдүк майынын баасы өсүүдө – Улутстатком

Өсүмдүк майынын баасы өсүүдө – Улутстатком

Өсүмдүк майынын баасы күн санап өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата күн карама майынын чекене баасы республика боюнча орточо 181.77 сомду түзгөн жана бул өткөн айга салыштырмалуу 2.6 эсеге өскөн. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Ал эми пахта майына болгон баалар 1 кг үчүн 176.26 сомду түзүп, өткөн айга салыштырмалуу 3.8 эсеге өскөнүн көрсөттү.

Күн карама майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Исфана (190.01 сом), Жалал-Абад (189.07 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми ага карата минималдуу баалар Өзгөн (163.59 сом), Кара-Балта (163.97 сом) жана Талас (167.24 сом) шаарларында катталды.

Күн карама майына болгон баалар өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында – 6.3%га, Талас шаарында –4.9%га, Токтогул шаарында – 4.3%га жогорулаган.

Пахта майына болгон чекене баалар Токмок (198.88 сом), Жалал-Абад (187.38 сом), Исфана (183.90 сом), Токтогул (178.93 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Таласта (157.74 сом), Кара-Суу (157.76 сом) шаарларында жана Покровка айылында (163.88 сом) байкалды.

Июнь айында пахта майынын баасы май айына салыштырганда Кербен шаарында – 10.9%га, Таласта – 9.7%га жана Жалал-Абад шаарларында – 7.2%га пайызга максималдуу өсүшү катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.