Жакында эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат

Жакында эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде эмдөөгө көбүрөөк адамдарды тартуу үчүн, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылаарын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Республикада эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөө чаралары көрүлүшү мүмкүн. Жакын арада 1 млн 250 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга алынып келинет, андыктан калкты эмдөө процессин мүмкүн болушунча тездетүү керек. Көбүрөөк адамдарды камтуу абдан маанилүү. Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат», – деди ал.

Штабдын отурумунан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

  • дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына тийиштүү маалыматты дарыкана тармагына жана облустардагы жана шаарлардагы фармацевтикалык компаниялардын кампаларына киргизүү
  • саламаттык сактоо уюмунун баштапкы звеносунун медициналык кызматкерлерин коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды 5-клиникалык көрсөтмөгө ылайык, оорунун алдын-алуу, диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары боюнча онлайн жана оффлайн режиминде окутууну улантуу
  • Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин тартып, тейлөө кызматкерлеринин санын көбөйтүү менен 118 кызматынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо
  • Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызматка туташтыруучу линиялардын санын 25ке чейин жогорулатуу маселесин чечүү
  • Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте мобилдик бригадалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо, керек учурда алардын санын жогорулатуу
  • Үч күндүн ичинде Экономика жана Финансы министрлигине саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды, жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн зарыл болгон каражат жөнүндө сурам жөнөтүү
  • Эпидемиологиялык кырдаалга жараша КЭРден келген вакцинаны региондор жана шаарлар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.