49 жеке ишкер жаңы жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине өтөт

49 жеке ишкер жаңы жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине өтөт

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы системасы 2021-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгенден баштап, 49 ишкер субъектилери бул жөнөкөйлөтүлгөн системага өтүү жөнүндө аймактык салык органдарына арыз беришти. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен 39 субъект – Бишкек шаарынын аймагында, 7 субъект – Чүй облусунун аймагында, Талас жана Нарын облустарында иш жүргүзгөндөр.

Бул салык режими ишкердин ишин жеңилдетүүчү бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, накталай формада төлөөдө аны колдонуунун биринчи жылында «нөлдүк» ставка, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2%, төртүнчү жылдан тартып – 3% аныкталган. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы тиешелүү түрдө 50% га азайтылат.

Ай сайын берилүүчү салык милдеттенмесин эсептөө салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн онлайн-ККМдан алынган ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

Бул салык режиминин артыкчылыктары:

  • режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби
  • салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу
  • бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу
  • ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.

Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине кантип өтсө болот?

  • Жөнөкөйлөтүлгөн системанын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
  • Ошондой эле ал 2020-жылдын 24-июнунан тартып бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген онлайн-ККМди милдеттүү түрдө колдонууга тийиш.
  • Ошондой эле субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.