Бишкек шаарынын мэриясы «жашыл» акциясын баштады – жарандарды ысыкта бак-дарактарды суугарууга чакырды

Бишкек шаарынын мэриясы «жашыл» акциясын баштады – жарандарды ысыкта бак-дарактарды суугарууга чакырды

Бишкек шаарынын мэриясы #Greenchallenge деп аталган «жашыл» акциясын баштады. Аба ырайынын кескин ысып баштаганына байланыштуу, жарандарды да шаардагы бак-дарактарды сугарууга чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.  

«Урматтуу жарандар, учурда Бишкекте адаттагыдан да ысык күндөр болууда. Борбордук Азия региону, анын ичинде биздин өлкө сугат суусунун кескин тартыштыгын баштан кечирип жаткан убагы. Ушуга байланыштуу сизден суранаарыбыз, мүмкүн болушунча үйүңүздүн жанында өсүп турган бир бакты, көчөттү, бадалды сугарганга аракет кылыңыз. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз сүйүктүү борборубузду гүлдөтө алабыз. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуңуз!» – деп мэрия баш калаанын жашоочуларына кайрылды.  

Учурда аба ырайынын ыссык болуп жаткандыгына байланыштуу, борбор калаанын төрт акимиаты, Бишкек шаарынын мэриясынын бардык кызматтары сугат иштерине өзгөчө көңүл бурушууда.

Жашылдандыруу аянтчаларын сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирилбестен же кечки саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.