Эски ККМди колдонгондугу үчүн алты май куюучу бекетке айып пул салынды

Эски ККМди колдонгондугу үчүн алты май куюучу бекетке айып пул салынды

Мамлекеттик салык кызматы контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 6 май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 210 миң сомго айып салды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаары жана Ош облусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды берүү бузулган фактылар аныкталды.

Алсак, «МПА» («НК Сервис» ЖЧК), «Ош ойл» («Транс Энерго компани» ЖЧК), «Кыргызстан» («Бек-Строй плюс» ЖЧК), «Россия нефть» («Россия нефть» ЖЧК), «Кыргыз Мунай» («БМ Энерджи» ЖЧК), «Памир-Алай» («Север-Югойл” ЖЧК) май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн-режиминде салык кызматына беришпегендиги аныкталган.

Эскерте кетсек, май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш, ошондой эле, бул маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл.

Май куюучу жайларда жеке ишкерге мунайзаттарды сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12.5 миң сом, юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Салык кызматы күйүүчү май рыногунда эмгектенген ишкер субъектилерди ККМдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талап кылынган ченемдерге ылайык иштөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.