ОКӨФ «Росатом» менен кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты

ОКӨФ «Росатом» менен кызматташтыкты бекемдөөгө макулдашты

Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун (ОКӨФ) Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиков РФга болгон жумушчу сапарынын алкагында, Москва шаарында «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын аймактык вице-президенти Сергей Громов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Эки тарап КРгы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты, андан тышкары, консультациялык жана эксперттик колдоо, ошондой эле чакан «Лейлек» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү натыйжалуу иштер сүйлөшүлдү. Ошондой эле, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун алкагында, жаңыланып туруучу энергия булактары, сууну тазалоо жаатында биргелешкен кызматташуунун чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилешти.

Тараптар КРнын аймагында электр унааларын жана электр автобустарын өндүрүү боюнча биргелешкен кооперативдик тармакты өнүктүрүү үчүн энергияны өндүрүү жана сактоо боюнча көп функционалдуу борборду түзүү жараянын талкуулаганын ОКӨФтүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү борборлорун курууда, анын жарактуулук мөөнөтүн 3-4 эсеге көбөйтүүгө, ошондой эле онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн жогорку деңгээлдеги кубаттуулуктарды киргизүү менен заманбап ядердик медицина борборун түзүү долбооруна инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында ОКӨФ менен «Русатом» эл аралык тармагынын ортосунда белгиленген негизги багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоону караган, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын аталган фонд маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.