Президент бизнес-коомчулугуна эмнелерди убада кылды? – өлкө башчы тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тескемеге кол койду

Президент бизнес-коомчулугуна эмнелерди убада кылды? – өлкө башчы тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тескемеге кол койду

Президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын бир топ көйгөйлөрүн уккан болчу. Ошол жолугушуунун натыйжасында, ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон тескеме даярдалып, атка минерлерге аткарылчу мөөнөттөрү менен бирге төмөнкүдөй тапшырмалар берилди.

  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн, анын алкагында мамлекеттик резервдерди натыйжалуу колдонуу менен тармактык министрликтер тарабынан ишкерлер менен биргеликте бештен кем эмес МЖӨ долбоору даярдалып, ишке ашырылышы камсыз кылынсын
  • Бизнес тарабынан иштелип чыккан «БАРС» программасынын (Өлкөнү өнүктүрүүнүн бизнес алгоритми) жана Ишкердик кодексинин долбоорлору каралсын жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштар берилсин
  • Мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кыскартуу жана жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүү боюнча ишкердикти колдоо программасы иштелип чыксын
  • Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча иштин алкагында бардык укуктук актылардагы ишкерлердин ишине тоскоолдук кылган карама-каршылыктар жоюлсун
  • Көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган иш-чаралар планы иштелип чыксын жана жүзөгө ашырылсын
  • Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча механизм иштелип чыксын жана ишке киргизилсин. Инвесторлорду тартуу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлсүн
  • КРнын президентине караштуу ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча атайын кеңеш түзүлсүн
  • «Экономикалык кылмыштар боюнча бирдиктүү тергөө органы» принцибин киргизүү боюнча сунуштар даярдалсын
  • Иштелип чыккан КРнын Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин алкагында Экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу каралсын
  • Мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү жоюу, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле ишкерлерге тоскоолдуктарды жараткан мамлекеттик органдардын, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү механизми иштелип чыксын жана ишке киргизилсин
  • Ишкерлерге уруксат берүү документтерин алуунун жол-жоболорун жеңилдетүү, уруксат кагаздарын, маалымдама берүү жана кароо мөөнөтү 50 пайызга кыскарсын, ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин
  • КРда ак ниет бизнес жүргүзгөн ишкерлер жана аларды мамлекет тарабынан колдоого алуу жөнүндө, бизнес жүргүзүүнүн жана бизнес долбоорлорун даярдоонун жол-жоболору тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылсын
  • Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде тарифтик баа коюлсун, өндүрүлгөн электроэнергияны сатып алууга кепилдик берилип, чакан ГЭСтердин ээлери менен тийиштүү келишимдерге кол коюлсун
  • Чакан ГЭСтерди куруу боюнча ишкерлер тарабынан даярдалган бештен кем эмес долбоорлор ишке ашырылсын, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген кредиттерди берүү, уруксат кагаздарын алуу, келишимдерди түзүү маселелери тездик менен чечилсин
  • Ар бир облуста бештен кем эмес токтоп турган ишканалардын иши жандандырылсын, ишкерлер үчүн бештен кем эмес инфраструктура, суу, электр энергия, жерлердин трансформациясы жана башка административдик маселелери чечилген өнөр жай, агроөнөр жай парктары, тармактык кластерлер, бирден кем эмес консультациялык борборлор түзүлсүн
  • Кошумча жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча ишкерлердин демилгелери колдоого алынсын, алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маселелер тездик менен чечилсин, аларга дем берүү боюнча механизмдер ишке ашырылсын
  • Жерлерди транформациялоонун жол-жоболору жеңилдетилсин, трансформация болгондон кийин 2 жыл аралыгында жер максатсыз пайдаланылган учурда же такыр пайдаланылбаган учурда, трансформация боюнча чечим автоматтык түрдө жокко чыгарылып жердин баштапкы категориясына өткөрүү камсыздалсын, ал үчүн тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин
  • Суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу боюнча механизмдер ишке киргизилсин
  • Туризм үчүн жайыттарды колдонуу мөөнөтүн 5 жылдан 20 жылга чейин көбөйтүү маселеси каралсын (экологиялык стандарттарды эске алуу менен), ал үчүн тийиштүү укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилсин
  • Туризм тармагы боюнча ар бир облуста бештен кем эмес долбоор ишке ашырылсын, туризм тармагындагы объектилер, жаратылыш аймактары жөнүндө маалымат массалык маалымат каражаттары аркылуу чет өлкөлөрдө жана өлкөнүн ичинде жайылтылсын
  • Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты толугу менен кайрадан карап чыгып, аны жакшыртуу боюнча сунуш киргизилсин
  • Коронавирус пандемиясы учурунда туризм максатына колдонулуучу кыймылсыз мүлккө салыктын өлчөмүн азайтуу маселеси каралсын
  • Ишкерлерге финансылык колдоо (жеңилдетилген кредиттер) көрсөтүлсүн
  • Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга үчүнчү мамлекеттерден импорттолуучу сырьелорго жана материалдарга Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине (2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130) ылайык бажы алымдарынан бошотуу мүмкүнчүлүгү толугу менен колдонулсун, ал үчүн тийиштүү укуктук ченемдик актыларга тез арада өзгөртүүлөр киргизилсин
  • Товар экспорттоочу ата мекендик өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) кайтаруу жана салыктын ордун толтуруу механизми жакшыртылсын
  • Ата мекендик өндүрүүчү ишканаларды коргоо боюнча соода инструменттери (тарифтик, тарифтик эмес, техникалык жөнгө салуу, ички рынокту коргоо) жакшыртылсын, анын ичинде товардын экспортуна убактылуу чектөө киргизүүнүн мөөнөтүн узартуу боюнча механизм ишке киргизилсин
  • Банкрот ишканаларын, анын ичинде банкрот болгон «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКны сатуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн
  • Экспорттоочу ишкерлердин маселелерин анализдеп, аларды чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн
  • Өлкөнүн транспорттук-логистикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча жол картасы иштелип чыксын жана жүзөгө ашырылсын
  • КРнын Соода-өнөр жай палатасы кардиналдуу түрдө реформалансын
  • Товарларды импорттоодо салык жана бажы төлөмдөрүнөн качууга жана алардын ички рынокто колдонулушуна жол берилбесин, мындай аракеттерди аныктоо боюнча механизмдер ишке киргизилсин, ага катыштыгы бар мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, ишкерлерге карата катаал чараларды көрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн
  • Эркин экономикалык аймактардын иштөө концепциясы кайрадан каралып чыксын
  • Жаңы соода-логистикалык борборлор түзүлсүн, аларга жана иштеп жаткан борборлорго колдоо көрсөтүлсүн, алардын маселелерин чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн
  • Кыргызстанда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлсүн
  • Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Баймак» контролдук-өткөрмө пунктун ачуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.

Президентинин тапшырмаларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендигин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки